• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта ичинде коронавирустун 36 учуру катталды

27 Жалган куран 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 20-марттан 26-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 36 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 36 адамдын 13ү ооруканага жаткырылган.

«Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 87 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 57 учуру катталды, анын ичинен 20 миң 50 (90,8%) учур лабораториялык жол менен тастыкталса, 2 миң 40 (9,2%) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.

Количество просмотров: 56