• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Апта ичинде: Кытайдан баштап түкүрүккө чейин. Талкуу бүттү…Тамаша бүтө элек…

11 Үчтүн айы 2019 16:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

Кадырбаев катчы катуу кетти

Өткөн жылдын этегенде экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөнү белгилүү. Бул жумада  президентке караштуу комиссиянын “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүдөн баш тарткан чечими чыкты. Буга байланыштуу экс-президент учурда өлкөдөгү саясий кырдаал жөнөкөй эмес экенин, мындай маселелер аны ого бетер курчутарын белгиледи. Ошондой эле ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссиянын катчысы Кырккелди Кадырбаевдин жообун “жөн эле отписка” деп баалаган.

Эске салсак, ӨмүрбекТекебаевдин адвокаты буга чейин саясатчы ырайым берүү тууралуу арыз менен кайрылуудан баш тарткандыгын айтып чыккан эле. Ошентип Отунбаеванын мурдагы акыйкатсыз чечимдерди азыркы президент өзүнө жүктөбөшү керек деген жүйөөлүү пикири суу кечпей турат.

Кытайдан баштап түкүрүккө чейин

Жаңырган жылдын алгачкы жумасында  Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында 300дөй киши митингге чыгып, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылганы белгилүү. Чогулгандар нааразылык иш чарасын уланта тургандыктарын айтышып, бир катар талаптарды коюшкан эле.

Бул жумада Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти. Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарды. Ал эми социалдык тармактарда  кытай жарандарына каршы ар кандай чуулгандуу маалыматтар тарап жатат.

17-январда нааразылык иш чарасын єткєр тургандар  кытайлык жарандардын Кыргызстанга эсепсиз киришине мораторий жарыялоо, комиссия түзүп, каттоо кызматындагы буга чейин жарандык алган кытайлыктардын эсебин тактоо жана мыйзамдуулугун текшерүү, кытайлык инвесторлор иштетип жаткан тоо-кен байлыктары тууралуу маселени кароодон баштап түкүрүккө чейин карала турганын убада кылышкан эле.

Талкуу бүттү…Тамаша бүтө элек…

Түкүрүк демекчи бул жумада Ак үйгө жаба түкүрүп салган баланын окуясы дуулдап, андап бери аны туурап түкүргөндөр, түкүргүчүн көтөрүп алгандар дагы чыгып айтор жума ичи тынч болгон жок.

Жада калса Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев дагы үн катып, бул мыйзамдар кайра карала турганын белгиледи. Муну менен эл ичиндеги талкуу басаңдаганы менен тамашалар азайган жери жок.

Количество просмотров: 30