• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Апта ысык болот, 12 августа гана жаан жайт

5 Баш оона 2018 22:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.08.2018.Govori.TV.

Бир жума аба ырайы ысык болот, 12 августа гана жаан жайт. Өлкөдөгу аба ырайынын бир жуманын божомолун Кыргызгидромет жарыялады.

6-7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүйдө түндө 17…22 градус болуп, күндүз 31…36 градуска дейре ысыйт.
Таласта түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, түндө 18…23 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 32…37 градуска чейин чыгат.
Ысык-Көлдө түндө 12…17 градус болуп, күндүз 24…29 градуска чейин жетет.
Нарында түндө 9…14 градус жылуу, күндүз 25…30 градуска дейре ысыйт.

7-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

9-10-11 августта жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 12-августта көпчүлүк аймактарда нөшөрлөп жамгыр жаап, күн күркүрөп, абанын температурасы төмөндөйт

Количество просмотров: 20