Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыры багынып берди. Эки күнгө созулган тирешүүдөн соң ал Курсан Асановдун генералдык сөзүн алып, жашынган бункеринен чыкты. Атамбаев буга чейин эл алдында берген сөзүнө туруп, курал менен коргонуп жатты. Натыйжада өз колу менен өз мекендешине ок чыгарып кырчындай 47 жаштагы жигиттин өмүрүн алды. Үсөнбек Ниязовдун артында чыркырап 4 баласы, жубайы, бир туугандары, ата-энеси калды.