• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: «Эркелеген» Атамбаев. Жапаровдун тарапташтарынын тагдыры таразада

6 Жалган куран 2020 20:34 Бишкек Govori.TV

Дүйшөмбүдө Бишкекте абактагы саясатчы Садыр Жапаровго боштондук талап кылган митингдин аягы тополоңго айланды. Чогулгандардын бир тобу Жогорку Кеңештин имаратын көздөй агылып жөнөгөндө аларды милициянын атайын күчтөрү тосуп, суу менен аткылап, иттерди айдактоо менен кубалап, борбордук аянттан сүрүп чыкты.

Коронавирус демекчи бул аптады президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-минситр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдө тарап жаткан вируска көңул буруп жыйын өткөрүштү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалып, бир аскердин өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын өттү. Ага бул иштин алкагындагы Атамбаев баш болгон  14 айыпталуучунун баары тең катышты. Бирок, отурумга алынып келинген Атамбаевдин жүзү элге көрсөтүлбөй жаап жашырылып, отурумга журналисттер да тарапташтары да киргизилген жок.

Количество просмотров: 379