• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кадыр Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын айтты

12 Аяк оона 202513:18 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев соцтармак баракчасына билдирүү жазып, сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын айтты.

«Сот аткаруучулар келишти. Ошол эле учурда 2010-жылдын 7-апрелинде революция башталган СДПК партиясынын штабын жана “Медиафорумду” конфискациялоо аракеттери көрүлүүдө. Бул абсолюттук мыйзамсыздык. Анын үстүнө биз Жогорку Сотко, Конституциялык палатага кайрылабыз деп билдиргенбиз. Иш жада калса шаардык сотто каралып бүтө элек. Ага карабастан сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин жасап жатышат», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 679