• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кой-Таш иши: Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

23 Тогуздун айы 202517:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектин шаардык сотунда 23-октябрда Кой-Таш иши боюнча отурум уланып, сот биринчи инстанциянын чечимин дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Болгону айыпталуучулардын бири Ирина Карамушкинанын буга чейин жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу берилген жаза мөөнөтү кошулуп, ага жалпы сегиз жыл берилди. Үч жылдык пробациялык мөөнөтү жокко чыгарылып, мүлкүн конфискациялоо жазасы кошулду.

«Кой-Таш иши» боюнча соңку отурумда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов акыркы сөзүн сүйлөп, бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн дарегине нааразылыгын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 198