• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе кармалабы? Жапаровдун жообу…

4 Кулжа 20259:53 Бишкек Govori.TV

3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча сот өкүм чыгарды.

Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча «Кабар» агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.

Жапаров маек учурунда учурда чет өлкөдө жүргөн Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камака алынабы? деген суроого жооп бирип, төмөнкүлөргө токтолду:

«Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал — мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал — мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек», — деди ал.

Биринчи май райондук Кой-Таштагы 2019-жылдагы окуя боюнча Атамбаев өзү сыртынан 11 жыл 6 айга кесилди, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.

Количество просмотров: 759