• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта жыйынтыгы: Өкмөт отставкага кетеби? Тартипти сагынып калган коом…

15 Бирдин айы 2019 18:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV.

“Коопсуз шаар” иштеди…
Бул аптанын башында 10 жылдан бери ишке ашпай келе жаткан «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады. Эреже бузууларды тартып алууга арналган камералар Бишкектин 10 кесилишине коюлган.
Биринчи күндөн тартып эле эреже бузгандардын саны арбын болуп, а түгүл айыптан качуу максатында айдоочулар номерин жашыруу аракетин да кылышкан.

КТРКнын жетекчилиги алмашат
Коомдук каналдын жетекчилиги алмашат. Бирок, азыркы директордун кете турган оюу жок. Анткени Карыпбековдун командасы мурдагы ажолорду сактаган ыкмасын кайталап кол чогултту. Кетем деген Карыпбеков кайрадан документтерин тапшырды.
Карыпбековдон сырткары, КТРКнын башкы директорлук ордуна беш талапкер арызын берди.

Бюджеттеги таңкыстык
Жакында эле КТРКнын кызматкерлерине айлык берилбей жатканы айтылган. КТРК эле эмес, мугалимдер, врачтар жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары маянасын, пенсия жана жөлөк пулдарын өз убагында албай жатканы айтылды.

Мурашев картошканы качан сатат?
Дыйкандар картошкасын дагы эле сата албай убара. Далай сын-пикир уккан Айыл чарба министри Нурбек Мурашев былтыркы картошканы Өзбекстанга өткөрө албай айласы кетти.
Ушул эле аптада өкмөт отставкага кетиши керек дегендер да чыкты.

Количество просмотров: 29