Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
«КТ Мобайл» мекемесинин айланасындагы чууну иликтеген депутаттык комиссиясы эки отурум менен компаниянын тагдырын чечип койду. Жыйынтыгында “КТ Мобайл” ишмердүүлүгүн жүргүзө бере турган болду. Ал эми, премьер-министрдин бажасынын кылган кыймылына жана анын баласынын кызматта отурганына тиешеси жок экендигин ачыктады.
“Райым Миллион” деген каймана ат менен белгилүү болгон Райым Матраимовдордун кланынын финансылык абалынын сырлары белгилүү болду. “Азаттыктын” бул темага арналган иликтөөсунүн негизинде каржы полициясы алгачкы маалыматтарды берүүдө.
Жума ичиндеги элдин көңүлүн бурган темалар апта жыйынтыгында…