• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Тагдырлаш Өмүрбектер. Текебаев жана Бабанов элдин оозунда

23 Баш оона 2019 23:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек 23.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ошондой эле аны 26-октябрга чейин камакта калтырды. Атамбаевдин негизги колдоочуларынын бири Ирина Карамушканага 8-октябрга чейин үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалды.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыкканына байланыштуу мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча 20-августта иш козголду. Жолдубаеванын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылды.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечимди Жогорку cот чыгарды. Буга чейинки чечимдердин баары жокко чыгарылды. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Количество просмотров: 38