Бул жума Жогорку соттун конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамынын алынышын Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапканы менен эсте калды.
Ал эми борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөөрүн жарыялагандан бери шайлоого даярдык азыртадан эле күчөдү. Саясатчыларды парламентке өтүүчү босого пайызы катуу ойго салды көрүнөт.
Кошумчалай кетсек, «каралар» темасы коомчулуктун көңүл борборунда болду. Бири кримдүйнө кайрадан жанданып, баш көтөрдү десе, айрымдар «каралар» баштарын түшүргөн деле эмес деген пикирин айтышты.
Кененирээк «Апта жыйынтыгында»…