• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы жыйынтык: Босого чектен 6 партия өттү

29 Жетинин айы 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-ноябрдагы БШКнын расмий сайтындагы жаңыланган Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Өлкөдөгү 2494 шайлоо участогунун 2430нун жыйынтыктар келип түштү.

Ага ылайык, 5%дык босого чектен өткөн партиялар 6га жетип, добуштардын пайыздык чени төмөнкүчө бөлүндү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» – 16.44%;
  • «Ишеним» – 13.20%;
  • «Ынтымак» – 10.65%;
  • «Альянс» – 8.07%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» – 6.58%;
  • «Ыйман Нуру» – 5.95%.

Эскерте кетсек, бул сандар жыйынтыктардын жаңылануусу менен алмашуусу мүмкүн.

Бирок, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым саясий партиялар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулушту. Лидерлердин айтымында добуштар бурмаланнып, оппозициянын добуштары уурдалды. “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиясы бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Президент Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк тууралуу өз пикирин айтып, добуштар уурдалды деп жаткан партияларга кайрылуу жолдоду. Жапаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, эгер мүчүлүштүктөр болсо тиешелүү адамдар жазаланаарын билдирди.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоодо добуш берүү убактысы аяктагандан кийин — саат 20:00дөн кийин БШКнын расмий сайтынын иштөосү үзгүлтүккө учураган. Бир аз убакыттан кийин кайра ишке кирген сайтта башка сандар чыгып, алгачкы маалыматтарда 10 партия 5 пайыздык босого баллдан өткөнү көрүнсө, ал эми сайт кайра иштеп баштагандан кийин партиялардын саны 6 болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун кабарлады.

Количество просмотров: 2231