• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

11 Теке 2023 18:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу сунушталат. Адистер сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болууга, жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырат.

Мындан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Аптаптап кантип сактанабыз?

— күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң;

— өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;

— кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;

— ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

— сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;

— сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

— сунушталбаган, тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Туура тамактануу

— тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

— жашылчаларды-жемиштерди жана мөмөлөрдү агын сууга жакшылап жууп жеңиз;

— ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз;

— жер үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо зарыл. Анткени аптап патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүп, жугушту ичеги-карын оорулары көбөйөт;

— үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоо, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз;

— тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 — +8 градус температурада гана сактоону эсиңизге тутуңуз.

Количество просмотров: 117