• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

6 Кулжа 2023 14:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 7-9-июнь күндөрү аба ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү табы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градус, Талас облусунда 33…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылуу сунушталат. Адистер сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болууга, жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырат.

Мындан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Аптаптап кантип сактанабыз?

  • күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң;
  • өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;
  • кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;
  • ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;
  • сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;
  • сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
  • сунушталбаган, тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.
Количество просмотров: 53