• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ар бир баланын сапаттуу билим алуусу үчүн бирге аракеттене берели!”

1 Аяк оона 20249:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 1-сентябрь билим күнүндө КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды куттуктады. Министрдин куттуктоосун бир аз кыскартуу менен беребиз.

Кадырлуу мугалимдер! Кымбаттуу окуучулар, студенттер жана ата-энелер!

Сиздерди 1-сентябрь – Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!

Быйыл Кара Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси менен катар агартуу тармагынын негизделгенине кылым толду. Жүз жыл аралыгында кыргыз эли туташ сабатсыздыктан, илимий-техникалык жетишкендикке жетүү менен заманбап билим берүү системасын түптөй алды.

Учурда билим берүү тармагын мындан ары алдыга жылдыруу, дүйнөлүк билим берүү системасына теңөө, сапатты жогорулатуу максатында “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашырууга бел байладык. Мында мектепке чейинки билим берүүдөн тартып илимге чейин трансформациялоонун негизги багыттары камтылган.

Агартуу тармагынын кылымдык майрамына белек катары кыргызстандык окуучу Назар Кыргызбаев математика боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынып, тарых жазды. Бул бардык ийгиликтердин башатында билим турарынын далили. Билимдүү адам – биздин башкы байлыгыбыз. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу жана кайраттуу муундун колунда.

Ардактуу мугалимдер менен тарбиячылар, окуучулар менен студенттер, камкорчулар менен демөөрчүлөр, дегеле билим берүү тармагынын келечегине кайдыгер карабаган жалпы жарандар мааракелүү билим майрамыңыздар менен!

Ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн бир болуп, бирге аракеттене берели!

Количество просмотров: 138