• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ара жолдо калган түркмөнстандыктар мекенине Өзбекстан аркылуу кайтышууда

5 Чын куран 202211:42 Бишкек Govori.TV

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, 1-апрелде Өзбекстандын “Фарап” чек ара бекети аркылуу 127 түркмөн жараны мекенине кайтты.

Алар Фарап районундагы карантиндик аймакка жайгаштырылды.

Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, чет өлкөдөн кайткан жарандар коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген эрежелерди сактоого тийиш.

Редакция билдиргендей, Өзбекстанда миңдеген түркмөн жараны Түркмөнстан бийлигинен өлкөгө кайтуу жөнүндө уруксат күтүүдө. Алар Өзбекстанга Түркия, Орусиядан келишкен.

Түркмөнстан бийлиги өлкөгө кайткан жарандардын маалыматтарын тыкыр текшерип жатканы айтылууда. Бул өкмөткө каршы кыймылдарга катышкандарды аныктоого багытталган.

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө байланыштуу миңдеген түркмөнстандыктар мекенине кайта албай жүрөт.

Количество просмотров: 108