• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Арал постундагы чектөөлөр алынды

10 Үчтүн айы 202511:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 10:50дө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-январда №23 ЖТИнин сунушу боюнча Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда саат 20:20дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө кирген.

Количество просмотров: 196