• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Арал” жана “Сосновка” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды

21 Тогуздун айы 20199:47 Бишкек Govori.TV

“Сосновка” жана “Арал” постторундагы убактылуу чектөө алынып, каттам өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу максатында кечээ, 20-октябрда кечки саат 20:00дө оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген.

Аталган посттордогу чектөө бүгүн, 21-октябрда таңкы саат 07:00дө алынып, каттам өз нугунда жүрүп жатат, -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82