• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Араванда 63 жаштагы жаран 6 жашар кызына ыплас аракеттерди жасап келгени айтылды

13 Теке 2022 14:23 Бишкек Govori.TV

Араван районунун 63 жаштагы тургуну алты жашар кызына карата бир нече жылдан бери ыплас аракеттерди жасап келген. Бул тууралуу 24.kg агенттиги кыздын апасы Дүйнөхан Камбарованын маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, жарым жылдан бери анын күйөөсүнө карата жазган арызына райондук милиция жана прокуратура эч кандай чара көрбөй жатат.

«Кыздарымдын атасы, жолдошум 63 жашта. Ал мурда бир нече жолу үйлөнгөн. 2014-жылы баш коштук. Эки кызыбыз бар. Азыр улуусу алты жашта, кичүүсү төрт жашта. Улуу кызым үч жашка чыкканда атасы ички кийимин чечип кытыгылаганын айтты. Эмне болгонун так түшүндүрө алган жок. Кийинчерээк кызым атасы унаада олтурганда кайра ошол ишти жасаганын билдирди. Анан эле буттарында көгала тактар пайда болду. Мен милицияга кайрылдым. Үйүбүзгө укук коргоо органынын кызматкери келди, жолдошум мындан ары кайталанбастыгына убада берди. Жашообузду уланта бердик. Анан бир күнү кызымдын бетинин ылдый жагы бүт шишип кеткенин көрдүм. Ал ооруп калды. Биз ооруканага бардык. Милицияга кайрылам дегенде, күйөөм кайра мени күнөөлөп, «үйдү жана дүкөндү тартып алуу үчүн жасап жатасың», — деди. Кийин ал Орусияга кетип калды. Кайра келгенде оңолгондур деп ойлодум. Кийин кызыма спирт ичимдиктерин бере баштады. Ал анысын кызымды мите курттардан айыктырам деп түшүндүрдү. Бир күнү кызым атасы сөөмөйүн салганын айтып алды. Анан арыз жаздым», — деди Дүйнөхан Камбарова.

Анын айтымында, арызды 2021-жылдын декабрь айында жазып, кыздарын алып үйдөн чыгып кеткен. Аял кызы абдан коркуп, акыркы жарым жылдан бери мектепке барбай калганын кошумчалады.

«Милиция кызматкерлери ага кыргызча суроолорду беришти, бирок ал түшүнбөй мени карап турган. Алар (милиция кызматкерлери) мен аны үйрөтүп жатканымды айтышты. Бирок кызым ал жерде мурда мага айтпаган сөздөрдү айтты. Милицияга сурак бергенден кийин ал аябай коркуп, титиреп жатты. Көрсө, күйөөм аны ажатканага таштап, башкаларга «жоголуп кетти» деп коем деп коркуткан экен. Медициналык жана башка экспертиза белгиленген эмес. Даарыгер жыныстык органын бир карап эле, таза экенин айтты», — деп кошумчалаган ал.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 1349