Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу өсүшү камсыздалганын белгилеп, бул жыйынтыктар көмүскө экономиканы кыскартуу, тартипти күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу жетишилгенин айтты.
Президент калктын кирешесин жогорулатуу максатында бюджеттик тармактагы кызматкерлердин маянасы этап-этабы менен көбөйтүлүп жатканын билдирип, жакын арада мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык ала баштарын кошумчалады.
Ошондой эле ал Ош облусун өнүктүрүүгө ири каражаттар бөлүнүп жатканын белгиледи. Анын ичинде социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Мындан тышкары аймакта жалпы суммасы 52 млрд сомду түзгөн 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканы белгиленип, бул эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга болгон ишенимин көрсөтөрү айтылды.
Жолугушууда жумушсуздукту азайтуу, жаштарды колдоо, агрардык секторду өнүктүрүү жана ирригация системаларын жакшыртуу маселелери да көтөрүлдү.
Сөзүнүн соңунда Президент ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлор көзөмөлдө болорун белгилеп, жолугушуу тургундардын суроолоруна жооп берүү менен уланды.