• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды

18 Жалган куран 202510:50 Бишкек Govori.TV

Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган объект Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жана жалпы аянты 0,33 гектарды түзөт.

Тактап айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 100