• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Араванда мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды

28 Жетинин айы 202314:17 Бишкек Govori.TV

Араван районунун С. Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«2023-жылдын 22-ноябрында С. Юсупов айылынын мурдагы башчысы Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 85