• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Каракол капчыгайына автоунаа менен кирүүгө убактылуу чектөө кирди

22 Теке 202615:19 Бишкек Govori.TV

21-22-июль күндөрү жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол капчыгайына, «Каракол» Мамлекеттик паркынын буйругунун негизинде унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдиргендей, мындан сырткары жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырабыз.

Жеринде Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Ал эми суунун жээгин бекемдөө иши суунун көлөмү азайганда башталат.

Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Кыргызгидромет 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлө тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 15