• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Араванда өрт чыгып, андан 2 адам көз жумду

23 Баш оона 2018 9:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндө өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул маалыматты ӨКМ басма-сөз кызматы тастыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, Ош–Араван жолунун 13-чакырымында жолоочулар үчүн намазкана жайгашкан. Намазкананын артында наабайкана, ашкана да бар. Бүгүн, 23-августта саат 07:00 чамасында ошол ашканадан газ баллон жарылып, өрт чыкканы болжолдонуп жатат.
Өрт тутанып, намазканага чейин жеткен. Райондук өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, өрт чыкканы тууралуу саат 07:15те кабар түшүп, өрт өчүрүүчүлөр жөнөп кеткен.
Кийинчерээк ӨКМдин басма сөз кызматы Гүлбар айылында мечиттен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 07:15те жалпы 2 бөлүм барып, саат 07:50дө чектөөгө алынды.
Өрт болгон жерде 2 эркек адамдын жансыз денеси табылган. Учурда өрттү толук өчүрүү жана маркумдардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 28