• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Арча-Бешикте унаа бала бакчанын короосун талкалап кирип, наристени сүзүп кеткен

4 Тогуздун айы 202423:08 Бишкек Govori.TV

Lexus 470 автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы менчик бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, кырсыктан үч жашар наристе каза болгон.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, окуя бүгүн саат 18:30 чамасында болгон.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 581