• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ардагер С.Сооронкулов: Жеңиштин 75 жылдыгы өзгөчө белгилениши керек эле

9 Бугу 2020 16:24 Бишкек Govori.TV

9-май Жеңиш күнү көпчүлүк эл зарыгып, тилеп күткөн күн. Мындай пикирин ардагер Сооронкулов Сыргакбек ата Улуу Ата мекендик согуш тууралуу эскерип жатып айтты. Фашисттик Германияны жеңдик деген кабар тараган учурда ал болгону 13 жаштагы өспүрүм болгон.

Сыргакбек ата согуш талаасына чыгып, душман менен бетме-бет жолукпаганы менен Улуу Жеңиш күнүнүн жакындашына өз салымын жаш курагына карабай тынбаган тылдагы эмгеги менен кошкон.

Андан соң аскерге аттанып, 4 жыл бою экиге бөлүнгөн Германияда кызматын өтөп, майор чинине чейин жеткен.

Учурда Сыргакбек ата жубайы Гүлүйпа апа менен бактылуу карылыкты жашап жаткан чактары. 63 жылдан бери чогу түтүн булатып, балдарын тарбиялап, билим берип, эрезеге жеткиришти.
Ал эми Гүлүйпа апа 1941-жылдагы бул каргашалуу согуш алардын балалыгын алып койгонун айтат.

Жеңиштин 75 жылдыгы өзгөчө белгиленүүсү керек эле деген ардагер, бул жолку майрамды үй бүлөсү менен чакан майрамдарын белгиледи.

Количество просмотров: 291