• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киев эмнеге баш тартканын айтты

26 Бирдин айы 202223:25 Бишкек Govori.TV

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киевдин баш тартканын ырастап, мунун себептери алар койгон талаптар ынандырбаганы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Страна.ua сайтына таянуу менен “Азаттыктын” орус жана украин кызматтары жазды.

“Анткени, Орусия тарап ортомчулар аркылуу жеткирген талаптары бизди канааттандырган жок. Бул ачыктан-ачык эле бизди багынып берүүгө (капитуляция) мажбурлоо аракети болду. Биз аларга тынчтык келишими Москва койгон шарттардын негизинде эмес, Киев койгон шарттар боюнча гана жүрөрүн жеткиргендей болдук”,-деген Арестовичтин.

Украин президентинин башка бир кеңешчиси Михаил Подоляк да, Украина сүйлөшүүдөн качпаганын, алар ультиматум коюлбаган шартта сүйлөшүүгө барышарын атайын жарыялады.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын бийлиги жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирген. Ал сүйлөшүү болбогондуктан Москва Украинанын аймагында аскердик операциясын улантып жатканын маалымдаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдагы видеокайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө басып киришин “Европага карата согуш” деп атап, Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Путин диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгелеген. Киев болсо сүйлөшүүнү Венгрияда же Израилде өткөрүүнү талап кылган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 10377