• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аргасыздык жана арданбаган саясатчылар…

12 Чын куран 2019 19:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаев апрель шейиттерине арналган иш-чарада учурдагы президент экөө агы менен карасын аралаштырып жүргөнүн айтты эле андан бери саясатта бары-жогу аралашып жатып калды.
Андан бери Өмүрбек Бабанов өзүнүн каналы аркылуу бир жарым жылдан бери алгачкы жолу маек берип, Кыргызстанды сагынганын айтты.
Бул жумада капыл-тапылынан Президент дагы Жогорку Кенешке келип Кайрылуу жасады.
Жайбаракат отурган эл өкүлдөрү Президенттин кайрылуусун ар кимиси ар кандай кабыл алышты.
Президент менен жарышып, бүгүн Өкмөт башчы Жогорку Кенеште отчет берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Эң эле кызыгы, бул жума Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши менен коштолуп, анын белети эле беш күндүк жаңылыктын алды болду.
Эртең 4 облуста митингдер белгиленип, түш оой келе турган Өмүрбек Бабановду өзгөчө тозо тургандардын катары арбын. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы сактанып, УКМК унчукпаганы менен далай иш-чараларды өткөрүп, айтор камылга күчүндө.
Бирок, Президент баш болуп, Алтынбек Сулайманов төш болуп аны жактырган адам аз.
Бабановдун келишинен Кыргызстанга канчалык пайда же зыян экендигин айтуу кыйын. Болгону Кыргызстан баш аламан саясаттын курмандыгы болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Ага аргасы кеткен карапайым калк чыдайт чыгаар. Саясатчылар арданбаганы өкүнүчтүү.

Количество просмотров: 29