Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элине кайрылуу жасап, армияга ок атууга буйрук бергенин айтты.
«Укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет өлкөдө маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырып жатышат. Кылмышкер, адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз куралданган, даярдалган жергиликтүү жана чет өлкөлүк бандиттерге каршы турууга мажбур болдук. Аларды жок кылыш керек жана жакын арада ошондой болот», — деди казак президенти.
Ал ошондой эле ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жардамына токтолуп, аларга ыраазычылык билдирди.