• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аршинова: «Евразия» паркы Кыргызстанга белек катары тартууланды

29 Баш оона 20259:56 Бишкек Govori.TV

«Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова парктын ачылыш аземинде, бул эс алуу жайы ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Кыргызстанга белек катары тартууланып, парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөрүн айтты.

«Бул жерде балдар сүйгөн, эң керектүү бардык шарттар каралган. Жалпысынан 30дан ашуун заманбап аттракцион орнотулган, алардын катарында «Улан» аттуу орус дөңсөөсү да бар. Биз паркты толук камсыздоого даярбыз. Ал жыл бою иштеп, бардык аттракциондор акысыз кызмат көрсөтөт», — деди Аршинова.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга өзгөчө маани берет, бул парк анын айкын мисалы.

Количество просмотров: 167