• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-майдан тарта Ала-Арча паркына электромобилдер гана кирет

29 Чын куран 202510:29 Бишкек Govori.TV

1-майдан баштап Ала-Арча жаратылыш паркына электромобилдер гана кире алат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, алар ичиндеги жүргүнчүнүн санына карабастан 800 сомдон төлөшөт.

«Бензин, газ жана дизель менен жүргөн унаалар киргизилбейт. Аларды көзөмөл-өткөрүү жайынын жанындагы автоунаа токтотуучу жерге калтырса болот. Эс алуучулар QR-код аркылуу кирүү билетинин акчасын төлөйт», — деп айтылат маалыматта.

Келгендерди парктын ичинде электроунаалар негизги маршруттарга жана эс ала турган жерлерге акысыз ташый турганын билдиришти.

Количество просмотров: 188