Бүгүн, 8-августта Ош шаарынын мэриясы Алишер Навои атындагы сейил багында мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин пресс-релизинде айтылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан мындай 11 объект аныкталган. Эки жыл аралыгында соттук териштирүүлөр жүрүп, жыйынтыгында участоктор муниципалдык менчикке кайтарылган, бирок алардагы курулуштар жеке менчикте калган. Мэрия бир нече жолу ээлерине демонтаждоо жөнүндө жазма буйрук жөнөткөн, бирок объектилер ишин уланткан. Эскертүүлөргө карабастан курулуш ээлери имараттарды бузуп алуу иштерин жүргүзбөй келишкен. Алардын ичинен жетиси Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган.
Бүгүн муниципалдык менчик башкармалыгы аталган 11 имаратты бузуп алып салуу иштерин баштады.
“Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар. Алсак арасында учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, бир канча жолку экс КР ЖК депутаты, экс КР ЖК төрагасы Ө.Текебаевдин бир тууганына, бир канча жолку экс КР ЖК депутаты, экс КР ЖК төрагасы орун басары, КР Вице-Премьер-министр болуп иштеген Чолпон Султанбековага тишелүү имараттар бар”, — деп айтылат маалыматта.