• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Арстан Алай: Коронавирус Кыргызстанга келбейт

3 Жалган куран 2020 12:58 Бишкек Govori.TV

Өзүн «Кудаймын» деп атаган Арстан Алай бүгүн маалымат жыйын уюштуруп, корнавирус илдети менен кимдер ооруй турганын айтып берди.

Анын айтымында коронавирус менен ташбоор жана динге бекем байлангандар ооруйт. Себеби, алар өздөрүн чектеп бир рамкага салып алышкан.

«Духу күчтүү гана адам өзүн эркин сезип, табият менен шайкештикте, кенен жашай алат. Мен ал вирусту Кытайга жибергеним ачык. Мага бул тууралуу белги келген. Вирус менен техникага байланып калгандар, дин менен жүргөндөр ооруйт. Мисалы, сектанттар. Үчүнчүдөн эмоционалдуу адамдар. Тактап айтканда, 15 жашка чейинки балдар коронавирус менен эмне себептен оорубайт? Себеби алар эмоциясы жок жашайт «, — деди ал.

Анын айтымында кыргыздар дүйнө элин сактап калат, жана Кытайда тарап жаткан коронавирус Кыргызстанга келбейт.

Количество просмотров: 1567