• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Арстан Алай: Жээнбеков кулап калганда аябай өкүндүм

8 Үчтүн айы 2021 1:01 Бишкек Govori.TV

7-январда Коомдук биринчи каналда (КТРК) президенттикке талапкерлердин теледебаты өттү. Ага Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Рашид Тагаев жана Каныбек Иманалиев катышты. Дебаттын жүрүшүндө Арстанбек Абдылдаев Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулаганда өкүнгөнүн айтты.

«Сооронбай Жээнбековдун кете турганын буга чейин айтып чыккам. Доордун талабын билбейсиң, 2020-жылы сезонуң бүтөт деп маалымат жыйында айткам. Ошондо бийлигиңди тынчтык жолу менен өткөрүп беришиң керек, болбосо аркасы кайгылуу болуп каларын кабарладым. Ал адам мени пенде катары көрүп койду. Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенде өкүндүм. Мага эмне кылышым керек дегендин ордуна иш козгогон. Арстан Алайды мазактагандар маскара болот дегендей кулап түштү», — дейт Абдылдаев.

Количество просмотров: 1279