2024-жылдын 5-январында Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон Арстан Алайдын өлүмү боюнча, жалпы беш кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иш Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан. №31 тергөө абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болгону бүгүн маалым болду.
Арстан Алай 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.