Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата дастанчылардын республикалык кароо-сынагы болот.
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку денгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, каалоочулар жана маданий- музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Кароо-сынак эки айлампа менен өтөт. Анын жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Кароо-сынак 25-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Улуттук “Манас” театрында саат ондо өтөт.