Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтүүдө.




Салтанаттуу иш-чарада парадда ИИМдин жалпы түзүмүнүн бөлүктөрү басты. Кыргыз милициясынын басып өткөн тарыхы театрлаштырылган сахнада көрсөтүлдү.










Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, ИИМдин кызматкерлери жана ардагерлери катышты. Ал эми Ала-Тоо аянтында унаалардын кыймылы үчүн толук жабылды.
Жол кыймылын чектөө12:00гө чейин созулат.Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин жабылды.