• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бала бакчанын жетекчилик орундарына сынак өткөрүлдү

16 Тогуздун айы 202414:29 Бишкек Govori.TV


15-октябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына конкурстук тандоонун тестирлөөсү ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору белгиленген тартипте конкурсту уюштурууну жана ѳткѳрүүнү камсыздоодо. Борбордун маалыматына ылайык, 762 бош орун бар.

Белгилей кетсек, конкурс Министрлер кабинетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону бекитүү тууралуу 2024-жылдын 28-майындагы токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 541