• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чокусу бийик Таластан, Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер!

13 Тогуздун айы 202412:30 Бишкек Govori.TV

Ошентип Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100, Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу майрам кечээ Таласта чоң концерт менен аяктады. КР Президентинин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин жетекчилиги алдында майрамга даярдык шайма-шай, мыкты өткөрүлдү.

80 жылдык мааракеге арналып, Таласта 80ден ашык боз үй тигилди. Коңшү Жамбыл облусунун жетекчилери да Талас жергесинин жалпы майрамын куттуктап келишти.

Ал эми “Урааным Манас!” аталышындагы оюн-зоок фестивалы республикалык деңгээлден эл аралык деңгээлге чейин жетти.

Улуттук спорт оюндарынын жана маданий фестивалдын байгелери үчүн жалпы сумма 5 миллион сомду түздү. 9-10-11-октябрь күндөрү өткөрүлгөн көк бөрүнүн байгелери үчүн 1,5 миллион сом, улуттук спорт оюндарынын байгелерине 2,5 миллион сом, ал эми эл аралык айтыштын байгелерине 1 миллион сом берилди.

Маданий фестивалдын алкагында 3 күн, 3 түн манас айтылып, Манас бабабыз, Талас жергеси даңкталды.

9-10-11-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өткөрүлдү. Улуттук спорттук оюндардан тай чабыш, кунан чабыш, аламан, ордо оюну, кыргыз күрөшү, аркан тартыш, жаа атуу, таяк тартыш, куш салуу, тайган жарыш өткөрүлдү. Аламан менен менен кыргыз күрөшүнүн жеңүүчүлөрүнө автоунаа ыйгарылды.

Кыргыз-казак эл аралык айтышы да бүйүрдү кызытып, элдин жарпын жазды. Айтыштын баш байгесин Абдылда Нуралиев жеңип алды.

Кечээ Мирбек Атабеков баштаган белгилүү ырчылар чоң концерт берип, облустун мааракеси аяктады.

Количество просмотров: 225