• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Артем Новиков Баткен облусун кыдырат

7 Бештин айы 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-декабрда премьер-министрдини милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарын кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары, Кадамжай шаарындагы оорукананын курулушунан кабар алат.

8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз-өзбек чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайына да барат.

Количество просмотров: 118