• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Арты чырлуу, алды сырлуу «Акылдуу шаар»

16 Үчтүн айы 2018 17:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.Tv

Өткөн жумада кыргыз Өкмөтү “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алгачкы кадамы катары “Акылдуу шаар” программасын ишке ашыруу максатында кытайлык Huawei Technologies Co.Ltd Кытай компаниясы менен келишим түздү. Келишимге ылайык, аталган компания дагы бир кытайлык «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» жана кыргызстандык «АКА минералз энд майнинг» компаниясы менен бирге 1,5 жыл ичинде 60 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат салып, Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларын толук видео-байкоого алуучу жабдыктар менен жабдып чыкмакчы. Ошондой эле, бул долбоордун алкагында жол кыймылын көзөмөлдөө, шаар тургундарын каттоого алуу, кыймылдуу мүлктөрдү мыйзамдуу ээсине каттоо, жарандардын даректерин тактоо сыяктуу иштер жасалып, ишке ашкан долбоорду алып кетүүчү үчүн жергиликтүү адистерди даярдоо ишин мойнуна алып жатат. Албетте, эгер, бул долбоор ушул жазылган документтегидей толугу менен ишке аша турган болсо Кыргызстанда чоң өзгөрүү болмок. А кокус аткарылбай калсачы? Анда жоопкерчиликти ким мойнуна алат?

“Коопсуз шаар” жоопсуз калганда…

Буга чейин эле кыргыз бийлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын азайтуу, коомдук тартипти толук көзөмөлгө алуу максатында “Коопсуз шаар” аталган программаны жазып, аны ишке ашырууга бел байлаган болчу. Бирок, “аттанганда эле ээрге кыйшык отурду” дегендей, бул бюджеттик каражаттар менен ишке ашыруучу программаны аткара тургандарга  карата тендер жарыяланып, ал тендердин артындагы ызы-чуулар азыркыга чейин бүтө элек. Анда а дегенде тендерден  кытайлык  «Beijing Construction Engineering Group International Co. LTD»  деген компания унутп чыкканы кабарланат. Аз өтпөй эле айрым ММКлар менен саясатчылар бул тендердин мыйзамсыз болгондугун, анткени, аталган компания тендерге документтерди өткөрбөй туруп эле, “утуп” чыкканын айтып чыгат. Көрсө, тендерге арызын берип, тиешелүү документтерди өткөрүп катышкан башка бир “Beijing JYD Digital technology Company” деген компания экен. Анын үстүнө тендердеги жеңүүчү компания Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларын толугу менен фото-видео тасманын көзөмөлүнө алуу үчүн керектелүүчү каражатты 85 млн. АКШ доллары деп баалаган болчу. Ошону менен кыргыз өкмөтү бул тендерди жокко чыгарып, экинчи жолу тендер жарыялайт.

 

Экинчи жолу жарыяланганда тендерди орусиялык “Стилсофт” компаниясы утуп чыгып, өз ишин баштамакчы болот. Бул жолу долбоор кыйла арзандап 62 млн. АКШ долларына бааланат.  Бирок, ошол кездеги ИИМдин жетекчиси Мелис Турганбаев “Стилсофт” компаниясынын ишмердиги күмөн жаратаарын айтып, тендерди жокко чыгарууну Өкмөткө сунуш кылат. Ал ортодо экинчи тендерге катышкан кытайлык Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd компаниясы да “Стилсофт” компаниясын сотко берет. Ал ортодо ИИМ “Коопсуз шаарды” ишке ашырууга түз инвесторлор менен тендери жок эле ишке ашырууну көздөп молдовалык “ДЭССА” деген компания менен болжолдуу келишим түзүп, аталган компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келип, даярдык көрө баштайт. Кийин кандайдыр себептер менен ал түз кызматташуу да токтоп, “Коопсуз шаар” долбоору ара жолдо калат. Жоопкерчиликти албетте, эч ким тартканы жок…

“Акылдуу шаар” шаар  кайдан чыкты?

Ошону менен 2017-жылы Өкмөт башына келген Сапар Исаков бул жоопсуз калып жаткан “Коопсуз шаардан” чочуладыбы же башка себеби барбы аны “Акылдуу шаар” деп жаңы ат менен ишке ашыра тургандыгын айтып чыгат. Андан кийин ал Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине  тез арада пилоттук долбоорду ишке ашырып, шаардын борбордук ири көчөлөрүнө видео байкоону орнотууну, Бишкектин Ала-Тоо аянтын толук көзөмөлгө алуучу “Антитеррор” аталган видео-жабдыктар менен жабдып чыгууну тапшырат. Албетте, бул боюнча эч кандай каржы булактары көрсөтүлөн эмес. Демек, бул дагы кезектеги бир популисттик чечим десек туура болот. Анткени, аталган шаардын бюджеттери пилоттук долбоорду ишке ашырууга алсыз болчу жана бул чоң долбоор комплекстүү ишке ашырылмайын, көчөлөргө видео-байкоолорду орнотуп койгон менен маселе чечилмек эмес. Жөнөкөй эле мисал, жол эрежесин бузган автоунаалардын чыныгы ээлери ким, катталган дареги так же жокпу аныктоо итабар оор иш эле.  Муну ошол кездеги вице-премьер министр Темир Жумакадыров да мойнуна алып, “азырынча долбоорго канча каражат кетет эсептелине элек. Инвесторлорду тартууну карапа жатабыз, бюджеттен да кошумча болот” деп ишенимсиз жооп берген жайы бар.  Ошону менен Өкмөт башчысынын буйругун аткарып, 2017-жылдын 1-октябрынан тартып, эки шаарда пилоттук долбоордун ишке ашканы же ашпаганы, ага кайдан каражат табылганы,  пилоттук долбоор эмне жыйынтык бергени да бүдөмүк бойдон кала берди.

«Huaweiдин” хай-вайы…

Ошону менен тендер жарялагандан көңүлү үч көчкөн журттай калган кыргыз Өкмөтү “Акылдуу шаарды” инвестор менен түз келишим түзүп, ишке ашырууга батыл киришип, жыйынтыгында андай инвесторду тапты. Бул кытайлык «Huawei Technologies» деп аталган, кечээ эле смартфон чыгарууда Apple компаниясына атаандаш болуп чыга келген ири компания болуп чыкты. Алар “Акылдуу шаар” долбоорун 60 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү каражатты өзү чыгарып, ишке ашырып, кыргыз өкмөтү бул акчаны төрт жылдын ичинде компанияга кайрып бере турган болду. Эки тарап макулдашууга кол коюшту. Долбоорду аткарууну кыргыз тараптан “Инфоком” мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөй турган болду.  Бул албетте, жакшы саамалык. Бирок, коомчулукта кытайлык «Huawei Technologies» компаниясынын ишмердигине карата сын айткандар чыгууда.

Айталы, так ушул компания Кыргызстандын аймагын интернет менен камсыз кылуу боюнча ири долбоорго мурда да катышкан. “Кыргызтелеком” ишканасы менен бирдикте  «Huawei Technologies» компаниясы 2009-2013-жылдар аралыгында прокладдык линияларды тартуу боюнча долбоорду жеңип алып, Кыргызстандын түштүгүндө линия тартууда 300 миң долларлык ишти 3 млн.  доллар деп көрсөтүп, бул боюнча өлкөнүн каржы полициясы 2015-жылы кылмыш ишин козгоп, банк эсептерин камакка алганы интернеттин кыргыз сегментинде байма-бай жазылып турат.  Бул компания аралашкан кылмыш иши боюнча, “Кыргызтелеком” ишканасынын ошол кездердеги жетекчилиги да кылмыш жообуна тартылганы чындык.

Экинчиден, “Азаттыкка” курган маегинде  эксперт  Даниел Кадырбеков улуттук долбоорду бул кытай компанияга берщщ коопсуздукка шек жаратаарын билдирген. Долбоорду ишке ашыра турган компаниянын кадыр-баркын карайлы. «Huawei» Кытайдагы эң чоң долбоорлорго кошулган, мамлекет менен тыгыз байланышы бар. «Мамлекеттин атынан тыңчылык, киберчабуул кылган» деп АКШда, Сенатта маселе каралган. Бул компания АКШда көптөгөн долбоорлордон четтетилген. Себеби армия менен партиянын куралы катары булар «тыңчылык» менен алектенет деп Европада чоң кооптонуу бар. Үчүнчүдөн, Кытайдын тышкы инвестициясынын өзгөчөлүгүн карап көрүш керек. Эгерде Африка мамлекеттерин алсак, анда ар бир коррупциялык жаңжал мамлекетте отурган бюрократтар Кытайдан «откат» алып, «өздөрү тапты» деп бир жергиликтүү компаниябы же башка компания болобу, ошол жерге «откатты» тымызын өткөрүп берет. Бул эми 20-30 жылдан бери болуп келе жаткан схема”,-дейт  ал.

Ооба, чындап караганда, “Акылдуу шаар” аркылуу Кыргызстандагы баардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери, жарандардын өздүгү, бүт өлкөдөгү  кыбыр эткен кыймыл аракеттин баары көзөмөлгө алынууга, мамлекеттик каттоо кызматы, ИИМ, байланыш агенттиги баш болгон органдар бир тутумда иштөөгө тийиш экенин эске алсак, улуттук долбоордун кытайлыктар тарабынан ишке ашырылышында чочулай турган жагдай жок эмес.

Каржылык жагы кынтыксызбы?

Ошентип, биз “Акылдуу шаар” ишке кирет деп турган маалда, кыргыз өкмөтүнө экинчи дагы бир кытайлык компания-«Шенжень Топформ” «Huawei Technologies» компаниясынан кыйла арзан баада кызматын сунуштап, бирок, кыргыз өкмөтү иш жүзүндө “иттен чыгарып” койгонун жазып чыкты. Алардын кыргызстандагы өкүлдөрүнүн билдиришинче, компания менен Өкмөт алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада бул компанияга өзүн тааныштырууну  суранган. “Биздин компания өз долбоорубузду менен тааныштырууну 12-январга белгилеп, Өкмөт менен сүйлөшүлгөн соң камылга көрүп жатканбыз. Бет ачаарыбыз болоорго бир күн калганда же 11-январь күнү Өкмөт «Huavwei» менен келишим түзгөнүн жарыялады.  Алар 60 млн. доллар сунуштаса биз 38-40 млн. доллардын тегерегиндеги долбоорду сунуш кылганбыз. Өкмөт кепилдик берсе өз каражатыбызга камераларды орнотууну пландап жатканбыз. Бирок шашылыш келишимдин түзүлүшүнө түшүнбөй калдык. Ачык-айкын тандалып, сунуштар каралса, жакшы болмок”,-деген “Азаттыкка” компаниянын кыргызстандагы өкүлү Токтобүбү Уркалча. Азырынча, эмне үчүн дээрлик 20 млн. АКШ долларына арзан кызмат сунуштаган тарапты өкмөттүн тандабаганы табышмак…

Баса, каржы демекчи,  “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн  Өкмөт болушунча арзан деп эсептеген 60 млн АКШ доллары деле кымбатка туруп жаткандай туюлат. Маселен Франциянын борбор шаары, 2,5 миллионго чукул калк жашаган Париж коопсуз шаар сыяктуу системага 38 млн. АКШ доллары менен эле жеткенин айтсак болот.

Количество просмотров: 23