• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аруукеге акчалай жардам эмес, дары алып бергиле !

15 Бирдин айы 2018 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.02.18.Govori.TV

Фейсбук колдонуучусу Надежда Хохлова баракчасына Аруукеге акчалай жардам алып келсеңер акчаны ата-энесине бербей ага дары сатып бергиле деген билдирүү жазган. 

Анда азыркы учурда кыздын ата-энеси дарыны өздөрүнүн акчасына сатып алып жатат. Себеби, дарылап жаткан бейтапкана «Дизель» менен түзүлгөн келишими бүткөнүн жана анда кымбат баадагы дары-дармектерди дизелдин акчасына  алынгандыгы айтылат  жана   кыздын ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүргөнү жазылган.

Бүгүнкү күндө Аруукеге керектелүүчү кымбат баадагы Альбумин 20% даарысы керек. Бул башка күйүп калган балдарга да керектелет. Эгерде бул дарыны ким алып келсе +996 552 217 217 номерина байланышыңыздар деп жазылган.

Мындан сырткары билдирүүнүн астына жардам аркылуу Аруукеге берилген акчаны ата-энеси кызынын дары-дармегине жумшабагандыгы жазылган. Алар бейтапканада жүргөндө эч ким менен учурашпай керек болсо дарылап жаткан врачына саламга келбей калышкандыгы жана  бейтапкананын дарыгерлери алардын кызын бекер дарылап берүүсүн талап кылышууда деген. Учурда бейтапкананын  анчалык акча каражаты жок себеби,  Аруукеден да оор абалда күйүп келген балдар бар, алардын дарысы Аруукеникиненда кымбат турат. Биз аларга да жардам беришибиз керек.

Билдирүүнүн соңунда биз силерден суранабыз эгер акчалай жардам берсеңер анын оордуна аптекадагы карызын төлөп бергиле. Аруукенин ата-энеси Аруукенин операциясында болгону бир устара алып бериши керек. Ал 7 миң сом турат. Ашып кетсе 2 устара керектелиши мүмкүн ал 10 миң сомдун тегерегиндеги акчаны түзөт. Ал эми кыздын атасы Улан кызынын баардык чыгымын бекер болуш керек деген.

Эске салсак, кичинекей Аруукенин денесинин 60% самоордогу ысык сууга күйүп калды деген маалымат интернет булактарына жазылган.

 

Количество просмотров: 27