• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Арзиев жергиликтүү соттун судьялыгынан убактылуу четтетилди

18 Кулжа 202217:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “КР судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана КР Судьялар кеңешинин сунушу боюнча КР Судьялар кеңеши КР башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Арзиев Ачылбек Муракимович КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Количество просмотров: 1603