• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арзыбек Кожошев Алматыга иш сапары менен барды

16 Бирдин айы 202216:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) иш сапары менен жүрөт, анын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Министрлер кбаинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады.

Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Мындан тышкары Алматы шаарында үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.

Количество просмотров: 73