Бүгүн, 24-мартта 2022-жылдагы эл каттоонун башталышы тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана тиешелүү органдын өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө.
Буга чейин маалымдалгандай, алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу каттоочулар тарабынан мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт.