Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөт.
«Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-пленардык жыйынына катышат»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ЕЭК кеңешинин төрагасы катары Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрө турганы кошумчаланды.