• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаровдун өлкөнүн түштүгүнө болгон сапары аяктады

31 Теке 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун 27-31-июль күндөрүндө Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапары аяктады.

Мамлекет башчысы жумушчу сапарынын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жаңы Сот адилеттиги үйүн ачты. Ал өлкө боюнча экинчи Сот адилеттиги үйү болуп калды. Бул жерде сот системасынын бир нече органдары жайгаштырылат, мындан улам чыгымдар олуттуу кыскарат жана чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдуулугу жогорулайт. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында ушундай Сот адилеттиги үйү Каракол шаарында ачылган.

Андан ары президент Садыр Жапаров Ош шаарына барды. Төрт жаңы суу резервуарынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, шаардыктарды бир айдын ичинде таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Ош шаарында мамлекет башчысы 1961-жылы курулган, ошондон бери биринчи жолу капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлүп жаткан Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондогу оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Кошумча каражат бөлүп, жакынкы аралыкта стадионду реконструкциялоону толук аяктоо тапшырмасы берилди.

Ош облусундагы жумушчу сапарынын экинчи күнүндө президент Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» авто өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатат, ал ушул жылдын май айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Меморандумга кол коюлгандан кийин башталган. Долбоордун алкагында ошондой эле узундугу 187 метр эстакадалык көпүрө куруу жана көмүр ташуу үчүн ленталык конвейер орнотуу каралган. Долбоордун аякташы менен Кыргызстандан Кытайга ленталык конвейер аркылуу көмүр жеткирүүгө жана өткөрүү пунктундагы жүктү жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Ошого жараша чек ара аркылуу товар агымын кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындай улам Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин «Иркештам» автоунаа өткөрмө пунктун толугу менен модернизациялоо, аймагын кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана анын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир нече эсеге жогорулатуу максатында бажы инфратүзүмүн иретке келтирүү тапшырмасын берди.

Ошол эле күнү кечинде мамлекет башчысы профессионал мушкер, бокс боюнча 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушуп, ага Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мунарбек Сейитбек уулу өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарында бокс боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу байгелүү орун алган мушкер болуп калды.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачып, Ош облустук “Төлөйкөн” ипподромун капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Ошону менен бирге Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин жаңы имаратынын курулушун бүткөрүү тапшырды. Мындан сырткары Кара-Суу районунда курулуп жаткан “ЕвроАзия ГРУПП” индустриалдык-логистикалык паркында болду.

Мамлекет башчы Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапарын жыйынтыктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.

Количество просмотров: 79