Бишкекте көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Асанбай кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуш имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган аймакта тилсиз жоону өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылды. Саат 21:53тө өрт чектөөгө алынып, учурда өчүрүү үчүн толук аракеттер жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрт каптаган аймакта кооптуу жагдай жок. Курулуп жаткан имараттын 6- кабатындагы бетон куюу үчүн дайындалган жыгач калыптар күйүп жатат. Кошумча маалымат берилет.