• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Асановдун чуулгандуу пакетти алгандыгы тууралуу кошумча видео тарады

15 Баш оона 2019 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

8-августта Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаев эки күн бою күч органдарына каршылык көрсөтүп жатып, ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сөзүн алып багынып берген.

Андан көп өтпөй Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты» деп кызматынан алынган эле. Асанов Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүү учурунда андан акча, баалуу буюмдарын алган деген маалыматтар тараган.

Бүгүн мурунку тараган тасмаларга кошумча ар кандай ракурстан тартылтылып, кылдат монтаждалган дагы бир видео интернетте тарады.

Анда ичинде эмне салынганы белгисиз болгон кызгылт тустөгү пакет алгач Атамбаевдин сакчысынын колунда андан соң Курсан Асановдун колуна өткөн, ал эми Асанов пакетти башка адамга өткөргөн. Ал адам пакетти көтөрүп чуркап кеткенин көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2624435224285583/

Количество просмотров: 62